С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-66
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын М. Зокиров көчөсүнүн тургундарынын арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын М. Зокиров көчөсүнүн тургундарынын 16.02.2016-жылдагы М. Зокиров көчөсүндөгү жарактуулугу бүткөн жыгачтан жасалган электр мамычаларын (столба) алмаштырып, жаңысын сатып алып орнотууга айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каражат ажыратып берүүнү суранып жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын М. Зокиров көчөсүндөгү жарактуулугу бүткөн жыгачтан жасалган электр мамычаларын (столба) алмаштырып, жаңысын сатып алып орнотууга айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 50000 (элүү миң) сом акча каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү ажыратылган каражатты максаттуу иштетилишин көзөмөлгө алышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |