С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 21-69
Көп балалуу энелерди Кыргыз Республикасынын «Баатыр Эне» наамына сунуш кылуу жөнүндө
С. Юсупова айылдык Кеңеши айыл Өкмөтүнүн аймагындагы көп бала төрөп, тарбиялап өстүргөн энелерди Кыргыз Республикасынын «Баатыр Эне» наамына сунуш кылуу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүндөгү көп бала төрөп, тарбиялап өстүргөн төмөндөгү энелер Кыргыз Республикасынын «Көп бала төрөп, тарбиялап өстүргөн энелерди сыйлоо» жөнүндөгү Мыйзамынын негизинде «Баатыр Эне» наамын ыйгаруу жагы сунуш кылынсын.
1. Сидикова Турсунхон – 7 (жети) бала тарбиялап өстүргөндүгү үчүн;
2. Юлдашева Хапизахон – 7 (жети) бала тарбиялап өстүргөндүгү үчүн;
3. Рахманбердиева Зиядахон – 7 (жети) бала тарбиялап өстүргөндүгү үчүн;
4. Кочкарова Наргиза Исмаилжановна – 7 (жети) бала тарбиялап өстүргөндүгү үчүн;
5. Сулейманова Баарихон Арабовна -7(жети) бала тарбиялап өстүргөндүгү үчүн;
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Араван райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |