Редакцияот 08.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Зергер айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

 

2016-жылдын 8-февралы № 97

Зергер айыл өкмөтүнүн 2016-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө

Зергер айылдык Кеңешиинин Зергер айыл өкмөтүнүн 2015-жылы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын жана 2016-жылга сунуш кылынган социалдык экономикалык өнугүүсүнүн иш чараларын карап талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Зергер айыл өкмөтүнүн 2016-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү иш -чаралары бекитилсин. (тиркеме)

2. Социалдык-экономикалык өнүгүү иш чараларынын аткарылышын квартал сайын аппараттык кеңешмелерде талкуулап, иш жүзүнө ашуусун камсыз кылуу айыл өкмөткө тапшырылсын.

3.Иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

Зергер айылдык

Кеӊешинин төрагасынын

орун басары

 

М.Молдояров