Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2015-жылдын 16-ноябры № 88
Зергер айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Зергер»айыл өкмөтүнө караштуу 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча айылдык кеңешинин «Бюджет салык финансы экономикалык саясат жана муниципалдык менчик» боюнча туруктуу комиссиясынын кароосунда каралып жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн сунуштарын угуп талкуулап Зергер айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетинин Билим берүү тармагынын 22321100 статьясынан 34,4 (отуз төрт миң төрт жүз) сом кыскартылып, Билим берүү тармагынын 22154900 статьясына 34,4 (отуз төрт миң төрт жүз) сом кошумча каражат берилип сметага өзгөртүү киргизилсин.
2. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин «Бюджет,салык,финансы экономикалык саясат жана социалдык маселелер» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Зергер айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Ибраимов |