Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIII сессиясы
2016-жылдын 8-апрели № 23/121
Кара-Күңгөй айылынын тургундарынын арыздарын кароо жөнүндө
Кош- Дөбө айыл аймагынын Кара-Күңгөй айылынын жалпы жаштарынан түшкөн Кара-Күңгөй айылындагы Сагымбай Орозбак уулунун эстелигине тиешелүү делген 12,0 га жерди бак тигүүгө жана Боз-Бел, Таш-Сарай, Апаке, Тоок сарай, Турганбай булуңга жана Бешкүрөң уурусунун көрстөнгө кетчү жолдорду оңдоо үчүн каражат бөлүп берүүнү сурап жазган арыздарды карап Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сагымбай Орозбак уулунун эстелигине тиешелүү делген жерди тактап, документтерин териштирип келүү үчүн төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн :
1.Тилен у Талант - жер жана а/ч б-ча жетектөөчү адис.Комиссиянын төрагасы
2. Т.Молдобаев - а/к депутат. Комиссиянын мүчөсү
3. Т.Ибраимов - а/к депутат. Комиссиянын мүчөсү
4. Ү.Бактияров - Электр дыйкан чарба мүчөсү. Комиссиянын мүчөсү
5. Т.Адиев - Электр дыйкан чарба мүчөсү. Комиссиянын мүчөсү
2. Кара-Күңгөй айылынын тургуну Жунушов Каныбектин жана Сагынбаев Жамангулдун жер боюнча документтери толугу менен такталып арыз ээлерине маалымат берүү жагы жер айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис Тилен уулу Талдантга тапшырылсын.
3. Боз-Бел, Таш-Сарай, Апаке, Тоок сарай, Турганбай булуңга кетчү жолдорду оңдоо үчүн 20,0 миң сом, Бешкүрөң уурусунун көрстөнгө кетчү көпүрөнү оңдоо үчүн 10,0 миң сом каражат ЖПБнен бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы комиссиянын төрагасы Тилен уулу Талантга жана акча каражатын бөлүп берүү жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |