Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXV сессиясы
2016-жылдын 20-февралы № 25/1
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүү максатында Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык 01.01.2016-жылдан баштап айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы сугат, кайрак жерлердин жер салыгы 2 эсеге, жайыт жерлердин жер салыгы 1,5 эсеге көтөрүлсүн.
2. Кз аймактык коэффиценти 1,0 эсебинде бекитилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтү аркылуу каттоодон өткөрүлүп, chetnura.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасынын орун басары |
Ж.Чолоев |