Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXV сессиясы
2016-жылдын 20-февралы № 25/4
Айыл аймакка караган жарандардын мал-жандыктарына сатууга берилүүчү маалымдамаларды кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүндө айылдык Кеңештин сессиясынын чечиминин негизинде мал-жандыктарга маалымдама берүү айыл аймакка караган ар бир айылдардын айыл башчыларына милдеттендирилген. Мал-жандыктарга берилүүчү маалымдаманын баасын көтөрүүнү сурайт.
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы жарандарга мал сатууга берилүүчү маалымдамадан 20 сомдон кызмат көрсөтүү акы алынсын.
2. Үй-бүлө жана башка өздүгүн тастыктаган маалымдамалар үчүн алынган 5 сомдон алынган төлөм (кызмат көрсөтүү) мурунку калыбында калтырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасынын орун басары |
Ж.Чолоев |