Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXV сессиясы
2016-жылдын 20-февралы № 25/5
Айыл аймакка караган Ийри-Суу айылынын клубу, Орто-Саз айылынын мектеби, Ак-Кыя айылынын мончосу жараксыз абалда болгондуктан бузуу маселесин кароо жөнүндө
Ийри-Суу айылынын маданият үйү авариялык абалда турат. Клубду бузуп, тиешелүү документтерин даярдоо менен проектиге өткөрүүгө даярдалып жатат.
Орто-Саз айылынын Ж.Саламатов орто мектебин бузуу керек. Себеби 2016-жылы проект менен жаңы мектеп куруу планына кирген.
Ак-Кыя айылындагы мончо көп жылдан бери иштебейт. Бузуу менен кайра калыбына келтирүүнү сурашат.
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ийри-Суу айылынын клубу, Орто-Саз айылынын мектеби, Ак-Кыя айылынын мончосу жараксыз абалда болгондуктан бузууга уруксаат берилсин.
2. Ар бир имаратка айыл өкмөтүнүн деңгээлинде комиссия түзүлүп, жарактуу материалдар мыйзам чегинде баланска алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасынын орун басары |
Ж.Чолоев |