Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXV сессиясы
2016-жылдын 20-февралы № 25/8
Орто-Нура айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун
10-февраль 2016-жылдагы № 1 токтомун кароо жөнүндө
Орто-Нура айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун 10-февраль 2016-жылдагы № 1 токтомунун негизинде «Суу корук» участкасындагы 2 га эс алуу бакчасына «Айдарбек ата» ысымы, Көк-Ой участкасындагы 1 га эс алуу бакчасына «Жумагулов Сыдыгаалы» атанын ысымын берүүнү сурайт.
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 10-февраль 2016-жылдагы Орто-Нура айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун № 1 токтому бекитилсин.
2. Орто-Нура айылындагы «Суу корук» участкасындагы 2 га эс алуу бакчасына «Айдарбек ата» ысымы, Көк-Ой участкасындагы 1 га эс алуу бакчасына «Жумагулов Сыдыгаалы» ысымы берилсин.
3. Аталган эс алуу бакчасына муниципалдык менчикке алынсын. Эс алуу бакчалары көзөмөлгө алынып, көрктөндүрүү иштерин колгоо алуу жагы Айдарбек атанын жана Сыдыгаалы атанын үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасынын орун басары |
Ж.Чолоев |