Редакцияот 22.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVI сессиясы

 

2016-жылдын 22-марты № 26/1.2

 Орук-Там айылындагы эски ФАПтын жер аянтына мечит куруу үчүн максаттуу багытын алмаштуруу жөнүндө

Орук-Там айылындагы системдик каттоодон өткөн бирдейлештирилген коду 4-05-18-1006-0006эски ФАПтын ордуна мечит куруу үчүн максаттуу багытын өзгөртүү үчүн Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Орук-Там айылындагы системдик каттоодон өткөн бирдейлештирилген коду 4-05-18-1006-0006 эски ФАПтын 650м2 жер аянты мындан ары мечитке берилип максаттуу багыты өзгөртүлсүн.

2. Тийиштүү документтерине өзгөртүү киргизип берүү жагы Нарын аймактык каттоо башкармалыгынан суралсын.

3. Орук-Там айылына мечит куруу үчүн системдик каттоодон өткөн 4-05-18-1006-0006 коддогу 650м2 жер тилкеси берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.

 

Чет-Нура айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж.Жакыпов