Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XXVI сессиясы
2014-жылдын 15-январы № 8/2
Чет-Нура айыл өкмөтүнө караган мекеме
ишканалардын 2014-жылга кышкы даярдыгы жөнүндө
Депутат- Ж.Жакыпов Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын социалдык мекемелерди кыдырып чыгышкан комиссиянын справкасы менен тааныштырды.
Справканы угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу башталгыч, орто мектептердин, бала бакчалардын жана маданият үйлөрүнүн кышка даярдыгы жалпы канааттандыраарлык деп табылсын жана кемчиликтери белгиленсин.
2. Чет-Нура айыл аймагындагы социалдык мекемелерине кышка карата тартылып келинген көмүрдүн сапаты начар болгондугуна байланыштуу райондук прокуратурага Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн тендерлик комиссиясынын, «Паншер» ишканасынын жоопкерчилигин кароо жана келтирилген чыгымдар өндүрүлүп берүү жагы суралсын.
3. Чет-нура айыл аймагындагы башталгыч жана орто мектептеринин, бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо масктында көйгөйлөрдү чечүү, ремонт иштери айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын кароо үчүн мектеп директорлору, бала бакчалардын башчылары сметаларын түзүп, айыл өкмөтүнө кайрылышсын.
4. Б.Бекжанов атындагы орто мектебинин 2-корпусунда Кыргыз Республикасынын үлүштүк гранты тарабынан жүргүзүлүп жаткан ремонт иштери талапка жооп бербегендиктен комиссия түзүлсүн.(тиркелет)
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тармактык комиссияга тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Мамыров |