Редакцияот 21.01.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XXVI сессиясы

 

2014-жылдын 21-январы № 9/1

Чет-Нура айыл аймагынын 2014-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын чыгымдоо жөнүндө

Чет-Нура айыл аймактык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, ФЭБнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет-Нура айыл аймактык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын протоколу толуктоо жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин.

2. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жыл башынан калган калдык акчасы төмөндөгүдөй чыгымдалсын:

1) Транспорт чыгымдары- 66,8 миң сом

2) Башка чыгымдар жана кызматтар- 124,8 миң сом

3) Имарат жана жайлардын учурдагы ремонту- 141,6 миң сом

4) Материалдарды жана буюмдарды алуу- 39,8 миң сом

5) Негизги каражат алуу- 25,0 миң сом

Баары 398,0 миң сом (Үч жүз токсон сегиз миң сом)

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Мамырбековго тапшырылсын.

 

Чет-Нура айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т.Мамыров