ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 31-октябры № 16/5
Ак-Булуң айылынын ичине таза суунун түтүктөрүн тартуу үчүн жер тилкелерин тартуу жөнүндө
Ак-Булуң айылындагы «Меңдибек» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык-коомдук бирикмеси аркылуу таза суу чыккандыгына байланыштуу айыл ичине суу түтүктөрүн тартууга айылдын ички жолдорунун жээгинен 2 километр жер тилкесин уруксаат берүүнү жергиликтүү тургундар кайрылып сурагандыгына байланыштуу Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Булуң айылынын ички жолдорунун жээги менен 2 километр жер тилкеси аркылуу суу түтүгүн тартуу үчүн «Меңдибек» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык-коомдук бирикмесине уруксаат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Ж.Айдралиевге тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Жакыпов |