ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XXVI сессиясы
2014-жылдын 31-октябры № 16/6
Чет-Нура айыл өкөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн планына кошумча план алуу жөнүндө
Чет-Нура айыл өкөтүнүн 2014-жылга пландан сырткары бюджетинин киреше бөлүгүнө салыктар эмес кирешелерден түшкөн 14221100-лицензия берүү акысы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн территориясында жайгашкан “Бугулуу-Төр” участкасында кенге геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксаат алуу үчүн “Аканай” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 750761 (Жети жүз элүү миң жети жүз алтымыш бир) сом которулуп берилген.Жогорудагыларды угуп жана талкуулап,
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын 2014-жылга киреше бөлүгүнө (14221100-лицензия берүү акысынан) келип түшкөн 750761 (Жети жүз элүү миң жети жүз алтымыш бир) сомго кошумча план алуу жагы Нарын райондук финансы бөлүмүнөн суралсын 2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чет-Нура айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Ж.Айдралиевге жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу К.Ибраевага тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Жакыпов |