Редакцияот 27.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XVI сессиясы

 

2015-жылдын 27-октябры № 16/6-1

Ар түрдүү маселелер («Абзел» ИСКАКБ билдирүүсүн кароо жөнүндө)

Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Абзел» ИСКАКБ» жетекчиси депутат Т.Эргешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылыш XVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ичүүчү таза сууга төлөнүүчү тарифтерди которуу үчүн коомдук угуунун токтому жоктугуна байланыштуу кийинки сессияда кароого калтырылсын. Ичүүчү таза суунун тарифтерин которуу боюнча коомдук угуу өткөрүү жагы Жоош айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Жоош айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К.Бердикулов