ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XVIII сессиясы
2015-жылдын 12-декабры № 18/1
Жоош айылдык кеңешинин V чакырылыш кезектеги XVI сессиясынын кабыл алган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө
Жоош айылдык кеңешинин V чакырылыш кезектеги XVI сессиясынын кабыл алган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Т.Кадырбекованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылыш XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айылдык кеңешинин V чакырылыш кезектеги XVI сессиясында кабыл алган 13 токтомдорунун 9 аткарылып, 4 токтом аткарыла электиги белгиленсин жана бул токтомдордун аткарылышын камсыз кылуу туруктуу комиссияларга тапшырылсын. Кийинки сессия бул токтомдордун аткарылышы угулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жоош айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Д.Кошоковага тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|