ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XVIII сессиясы
2015-жылдын 12-декабры № 18/3-2
Ар турдуу маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Калинин айылынын тургундарынын 12.09.2015-ж. жана Ак-Жар айылынын тургундарынын 10.11.2015-ж. элдик жыйындарынын протоколдорун кароо жөнүндө)
Жоош айыл өкмөтүнүн Калинин айылынын тургундарынын 12.09.2015-жылдагы маданият үйүнө А.Оморовдун атын коюп берүү жөнүндөгү жана Ак-Жар айылынын тургундарынын 10.11.2015-жылдагы мечитке Абдраим-Ата наамын берүүгө сунушталган элдик жыйындарынын протоколдорун угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылыш XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдардын жана мекеме-ишканалардын аттарын өзгөртүүгө тыюу салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жарыяланган мораторийдин негизинде жогоруда аталган аттарды коюу жагы токтотулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|