ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XVIII сессиясы
2015-жылдын 12-декабры № 18/3-3
Ар түрдүү маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын
жана «Абзел» ИСКАКБ билдирүүлөрүн кароо жөнүндө)
Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын жана «Абзел» ИСКАКБ билдирүулөрүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылыш XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Абзел» ИСКАКБ ишканасынын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тиллабаевдин Большевик айылынын эки көчөсүнө таза суу түтүкчөсүн тартуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү билдирүүсү Жоош айылдык кеңешинин алдындагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып жана коомдук угуу өткөрүлгөндөн кийин кезектеги сессияга сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|