ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги XVIII сессиясы
2015-жылдын 12-декабры № 18/3-4
Ар түрдүү маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 44 А.Сматов атындагы орто мектебинин директорунун билдирүүсүн кароо жөнүндө)
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 44 А.Сматов атындагы орто мектебинин директорунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылыш XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 44 А.Сматов атындагы орто мектебинин директорунун билдирүүсүнүн негизинде эски мектептин курулуш материалдарын сатуудан Жоош айыл өкмөтүнүн өздүк эсебине түшкөн акча каражатына кошумча смета түзүп, мектепти жасалгалоо үчүн ажыратып берүү жагы Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Т.Кадырбековага тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|