Редакцияот 28.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXIX сессиясы

 

2015-жылдын 28-апрели № 3

Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу бак категориясындагы КБФнын жерин трансформациялап спорттук аянтчага берүү жөнүндө

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылындагы бак категориясындагы КБФнын жерин, айылдын жаштары учун спорт аянтчасына беруу боюнча угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеӊешинин III чакырылышынын XХIХ кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылынын жаштары үчүн спорт аянтчасын куруу үчүн бак категориясынан КБФнын жерин трансформация кылуу жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Рахматбай уулу Каныбекке жүктөлсүн.

 

Ак-Татыр айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж.Садыков