Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-июлу № 2
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана 2014-жылдан 2015-жылга өткөн калдыгын иштетүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бекитилген бюджетинин сметасынын аппарат жана 9-бөлүмдөрүнө алымча кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүү жана 2014-жылдын 2015-жылга өткөн калдыгын иштетүү жөнүндө карап чыгып жана талкуулап, Ак-Татыр айылдык кеңешинин IV чакырылышынын III кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бекитилген бюджетинин аппарат бөлүмүнүн 3111-статьясынын IV кварталынан 91,0 миң сому III кварталынын 3112-статьясына жылдырылып, сметанын негизинде иштетилсин. (смета тиркелет)
2. 9-бөлүм мектептердин 2221-статьясынын IV кварталынан 19,4 миң сом III кварталына жана бала бакчалар бөлүмүнүн 2221-статьясынын IV кварталынан 7,2 миң сом III кварталына жылдырылып, сметанын негизинде иштетилсин. (смета тиркелет)
3. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2014-жылдан 2015-жылга өткөн калдыгы 37500 сом киреше бөлүгү ал эми чыгаша бөлүгү 37500 сом менен сметанын негизинде иштетилсин. (смета тиркелет)
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Иметов |