Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-сентябры № 2
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» жөнүндөгү жобону жана «Эл аралык толлеранттуулук үчүн коомдук фондунун» Баткендеги филиалынын директору жана туштук аймактары боюнча координатору Абазбеков Р.С. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» жөнүндөгү жобосун бекитүү жана «Эл аралык толлеранттуулук үчүн коомдук фондунун» Баткендеги филиалынын директору жана түштүк аймактары боюнча координатору Абазбеков Р.С. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча сунушун угуп жана талкуулап Ак-Татыр айылдык кеңешинин IV чакырылышынын IV кезектеги сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Эшмурзаев К.Т. №8 сунушу жактырылсын.
2. «Эл аралык толлеранттуулук үчүн коомдук фондунун» Баткендеги филиалынын директору жана түштүк аймактары боюнча координатору Абазбеков Роберт Сатыбековичке Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
3. «Ардактуу атуул» наамын тапшыруу үчүн атрибуттарды даярдоо жагы өкмөттүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Иметов |