Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-сентябры № 4
Ак-Татыр айылындагы чайканага балдар бакчасын уюштурууга макулдук берүү жөнүндө
Ак-Татыр айылынын жашоочуларынын № 6 протоколун жана маданий маселелер, маалымдуулук, социалдык коргоо, жаштар иштери, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун канааттандыруу максатында угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеӊешинин IV чакырылышынын IV кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айылынын жашоочуларынын № 6 протоколу жана маданий маселелер, маалымдуулук, социалдык коргоо, жаштар иштери, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу канааттандырылсын.
2. Ак-Татыр айылындагы чайканага балдар бакчасын уюштурууга макулдук берилсин.
3. Балдар бакчасына штат бөлүп берүү жагы Баткен райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Иметов |