Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-сентябры № 5
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Сапарованын ПРООН уюму тарабынан Орто-Боз жана Актатыр айылдарына таза суу чыгаруу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Ак-Татыр айылдык кеӊешинин IV чакырылышынын IV кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ПРООН уюму тарабынан биринчи транштын суммасы айыл өкмөтүнүн эсеп счетуна которулган 687252 (Алты жүз сексен жети миң эки жүз элүү эки) сом акча каражаты сметага ылайык Ак-Татыр жана Орто-Боз айылдарына таза суу линияларын тартууга жумшалсын.
2. Актатыр айылына тартылуучу таза суунун сметасы 410000 сом / Төрт жүз он миң сом/
Орто–Боз айылына тартылуучу таза суунун сметасы 740000сом /Жети жүз кырк миң сом / болуп бекитилсин.
Жалпы сумма 1150000 сом /Бир милион бир жүз элүү миң сом /
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Иметов |