Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-сентябры № 6
Рават айылындагы «Рават» орто мектебинин капиталдык
ремонтунун долбоорун үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунуштоо жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Рават айылындагы Рават орто мектебин капиталдык ремонтунун долбоорун үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунуштоо боюнча, Рават айылынын жашоочуларынын чогулушунун №19 протоколунун негизинде угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеӊешинин IV чакырылышынын IV кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Рават айылындагы «Рават» орто мектебин капиталдык ремонтунун долбоору үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталсын.
2. Долбоордук сунушка керектүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Эшмурзаев Каныбек Тайировичке жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Иметов |