Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-октябры № 1
Ак-Татыр айыл өкмөтүндөгү «Орто-Боз» чек ара заставасына Россия Федерациясы тарабынан жаӊы застава курууга керектелүүчү 5 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүндөгү «Орто-Боз» чек ара заставасына Россия Федерациясы тарабынан жаӊы застава курууга керектелүүчү 5 га жер аянтын бөлүп берүү боюнча угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеӊешинин IV чакырылышынын V кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүндөгү «Орто-Боз» чек ара заставасына Россия Федерациясы тарабынан жаңы застава курууга керектелүүчү 5 га жер аянты айыл чарба жерлер категориясына которуу жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак–Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Эшмурзаев К.Т. жүктөлсүн
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Иметов |