Редакцияот 26.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын V сессиясы

 

2015-жылдын 26-декабры № 1

Ак – Татыр айыл өкмөтүнүн 2015 – жылдагы аткарган иштеринин отчету жөнүндө

Ак –Татыр айыл өкмөтүнүн 2015 – жылдагы аткарган иштери тууралуу отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Ак-Татыр айылдык кеӊешинин IV – чакырылыштын кезектеги VI – сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Эшмурзаев Канибек Таировичтин 2015-жыл үчүн берген отчету алымча-кошумчасы менен канаттаандыраарлык деп табылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Ак-Татыр айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

М.Иметов