Редакцияот 07.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XVIII сессиясы

 

2014-жылдын 7-февралы № 8

Ак-Татыр айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тил жана кыргыз тилинде жүргүзүү жөнүндө угуп жана талкуулап чыгып, Ак-Татыр айылдык кеңешинин III чакырылышынын XVIII кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеӊештин иштери жана депутаттык этика жана мандат боюнча комиссиясына жүтөлсүн.

 

Ак-Татыр айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж.Садыков