Редакцияот 27.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XIX кезексиз сессиясы

 

2014-жылдын 27-марты № 4

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн административтик имаратынын курулушуна акча каражатын бөлүү жөнүндө

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын жергиликтүү бюджетин эсебинен айыл өкмөтүнүн административтик имаратына акча каражатын бөлүүнү карап чыгып, Ак-Татыр айылдык кенешинин III чакырылышынын ХIХ кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен айыл өкмөтүнүн имаратынын курулушуна 265000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Ак-Татыр айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж.Садыков