АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXI кезектеги сессиясы
2014-жылдын 15-майы № 7
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн футболдук
командасына футболдук форма жана футболдук топ алып берүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн футболдук курама командасына футболдук форма жана футболдук топ алып берүү жөнүндө угуп жана талкуулап Ак-Татыр айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XХI кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн футболдук курама командасына футболдук форма алып берүү үчүн 10000 (он миң) сом акча каражатын таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Т.Гулматовко милдеттендирилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ж.Эшмурзаевке жүктөлсүн.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Садыков |