Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-августу № 5
Рават айылындагы Жаман-Жар участкасындагы скважиналарга жер
аянттарын бөлүп берүү жана аларды ОССтун балансасына өткөрүп берүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынын Жаман-Жар участкасындагы скважиналарга 0,02 га дан жер аянтын жана ОССтун балансасына өткөрүп берүү максатында Ак-Татыр айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XХIII кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Рават айылындагы Жаман-Жар участкасындагы скважиналарга 0,02 га дан жер аянты берилсин.
2. Скважиналар тез аранын ичинде ОССтун балансасына өткөрүлүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Рахматбай уулу Каныбеке милдеттендирилсин.
Ак-Татыр айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Садыков |