Редакцияот 07.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXIV кезектеги сессиясы

 

2014-жылдын 7-октябры № 5

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында таштанды жана КЗ коэфиценттин баасын бекитүү жөнүндө

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында таштанды жана КЗ коэфиценттин баасын бекитүү боюнча угуп жана талкуулап Ак-Татыр айылдык Кенешинин III чакырылышынын XXIV кезекcиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды ташуу салыгы кожолук башына 20 сомдон бекитилсин.

2. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы учун жер салыгын эсептөө үчүн КЗ зоналдык 1 коэффицент менен бекитилсин.

3. 2004-жылкы мамлекеттик каттоонун негизинде Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында аныкталган жер тилкесинин ашыкча болугунун ижара наркы КР нын салык кодексинин 338-беренесине тендештирилип короо-жай жана багбанчылык – тамарка жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын ставкалары 1 кв.метр 10 сом өлчөмүндө белгиленсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Рахматбай уулу Каныбеке жүктөлсүн.

 

Ак-Татыр айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж.Садыков