Редакцияот 29.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айылдык Кеңешинин сессиясы

 

2016-жылдын 29-февралы № 36/4

Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору (ПСИ № 3) аркылуу кичи футболдук аянтын салууга жергиликтүү бюджеттен өздүк салым бөлүп берүү жөнүндө

Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору (ПСИ № 3) аркылуу ишке ашып жаткан кичи футболдук аянтын салууга жергиликтүү бюджеттен 55 500 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;

2. Бөлүнгөн акча каражатын атайын сметага ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Шеримбековага тапшырылсын;

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Ак-Муз айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б.Абдыбеков