Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-марты № 37/1
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун жерлерин
ижарага берүү тартибин бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай адиси Э.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиянын 16-март 2016-жылдагы № 2 Чечими бекитилсин;
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Абдыбеков |