Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-марты № 37/2
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Б.Абдылдаевдин сунушунун негизинде Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин 2015-жылга бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын;
2.Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-жылга карата бюджети төмөндөгүдөй бекитилсин.
2016-жылга жалпы бюджет 450 400 сом;
-143 869 сом жайыттарды жакшыртууга;
-3000 сом жайлоо бала бакчасына;
-119 691 сом жайыт акы үчүн төлөмгө;
- 84 000 сом төраганын айлык акысы;
-60 000 сом бухгалтердин айлык акысы;
-24 840 сом 17,25 % социалдык төлөмгө;
-12 000 сом транспорттук чыгым үчүн;
-3000 сом концелярдык товарга;
3. Мурунку жылдардан чогулбай калган жалпы 74 000 сомду чогултуп, төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
-40 000 сомду карышкыр аткандарга сыйлык катары ар бир карышкыр үчүн 5000 сомдон берилсин;
-34 000 сом АРИС проектиси тарабынан курулуп жаткан демонстрациялык участокко эмгек акы үчүн берилсин;
4.2016-жылга бир баш малга төмөндөгүдөй тариф бекитилсин:
-50 сом бир баш бодого, тыштан келгенге 100 сом;
-10 сом бир баш кой-эчкиге, тыштан келгенге 20 сом;
1. Жаш төл үчүн жайыт акы алынбасын;
2. Токой чарбанын жайыт жерин пайдаланган айыл тургундары үчүн жайыт акынын 70 % төлөнсүн;
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жайыт комитетинин башчысы Б. Абдылдаевге тапшырылсын.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Абдыбеков |