Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-марты № 37/3
Ак-Муз айыл аймагынын жазгы айдап-себүү, күзгү оруп жыйноо иштерине кызмат көрсөтүү тарифтерин бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай адиси Э.Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жазгы айдап-себүү күзгү оруп жыйноо иштерине кызмат көрсөтүү акыларынын тарифи 1 га жерге төмөндөгүдөй бекитилсин:
- айдоо 25 л. май 700 сом;
-тырмоо 10 л. май 350 сом;
-себүү 10 л. май 350 сом;
-косилка 10 л. май 500 сом;
-герман 10 л. май 1000 сом;
-комбайн 25 л. май 1250 сом;
-пресс 1 кг жипке 4,5 литр май, же 1 бир пар 10 кг жипке 45 литр май 1 боого 6 сом;
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Абдыбеков |