Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-марты № 37/4
Ак-Муз айыл аймагынын ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай адиси Э. Алымкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ички жайытка мал көчүү 1-майынан 30-майына чейин, алыскы жайытка көчүү 20-майынан 10-июнга чейин, алыскы жайыттан көчүп келүү 1-октябрдан эрте эмес мөөнөткө белгиленсин;
2. 2016-жылдын 1-майынан баштап дыйкандардын үлүш жерлерине корук уюштуруу жер ээлерине милдеттендирилсин, эгер эки корукчу чыгып калса айлык акысы айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин;
3. Корук уюштурууга айыл өкмөтү көмөк көрсөтсүн;
4. 2016-жылдын 1-майынан баштап бада чыгып, баданын уйларына белги салынсын, бадага субай уй алып калууга тыюу салынсын;
5. Ички жайыттагы сарай ээлерине 2-ат, 1-5 чейин саан уй, 10 кой-эчкиден мал алып калууга уруксаат берилсин;
6. Чаар-Айгырдан Көк-Күмбөзгө чейин сарайда ашык мал алып калып, убагында көчпөгөн жарандарга майда жандыкка 150 сом, бодого 250 сомдон штраф салынсын;
7. Камакка түшкөн малды ээсине билдирүү берилгенден кийин 8 сааттын ичинде ээси чыгарып кетпей өлүп калса мал төлөнбөйт, камакка түшкөн малга түрүнө карабастан акчалай 200 (жүз) сом айып салынсын;
8. Айыл тургундары үй-тиричилигине керектүү малдан ашык мал алып калган, жайыттарга көчүү, конуу эрежелерин жана мөөнөтүн сактабаган малчыларга жана бада кайтаруу тартибин бузкан жарандарга, айыл өкмөтүнүн уставынын 11-беренесинин 1-2 пункттарына жана Кыргыз Республикасынын административтик жоопкерчилик тууралуу кодексинин 17-беренесинин 185-186-193-статьяларына ылайык жоопко тартылаары эскертилсин;
9. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Абдыбеков |