Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-майы № 38/3
Мамлекеттик фондунун жериндеги “Чолок-Тума” асыл тукум үрөнчүлүк
чарбасы пайдаланып жүргөн 29 га жер аянты жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чолок-Тума” асыл тукум үрөнчүлүк чарасына мамлекеттик фондунун ичинен 29 га жер аянты 5-жылдык мөөнөткө түз келишим түзүү менен ижарага берилсин;
2. Айыл өкмөтү менен “Чолок-Тума” асыл тукум үрөнчүлүк чарасы менен түзүлгөн келишимге налогу, социалдык төлөм жана аренда акысы толук көрсөтүлүп түзүлүп, келишимдин шартарын буза жер кайтарылып алынсын;
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Абдыбеков |