Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-майы № 38/8
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жер аянтынан
бала бакчанын аянтына кошуп бекитип берүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн 25.06.2004-жылдагы № 21-1 токтому менен бекитилген Ак-Муз айыл өкмөтүнүн менчигиндеги контур 0366 дагы 6272,5 чарчы метр жер аянты жана Ак-Муз айыл өкмөтүнүн 02.12.2013-жылдагы № 66 токтому менен бекитилген бала бакчага тиешелүү контур 0368 дагы 3756,37 чарчы метр жер аянтына кошулуп, жалпы 10028,87 чарчы метр жер аянты бала бакчага бекитилип берилип жаңы бала бакча салууга уруксаат берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздары менен камсыз кылуу жагы Ат-Башы райондук шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Курулуш иштери толук аяктагандан кийин бир айлык убакыттын ичинде Ат-Башы райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан каттоодон өткөрүү айыл өкмөтүнүн турак-жай адиси Э. Алымкуловго тапшырылсын.
4. Бала бакчанын проектисине жана каттоодон өткөрүүгө кетүүчү акча каражатын өз убагында которуп берүү айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдеттин аткуучу А. Алымбаевага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб - сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Абдыбеков |