Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-февралы № 13
Байзак айыл аймагынын 2014-жылдагы жергиликтүү Бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата жергиликтүү бюджетин киреше, чыгаша бөлүктөрүн жана 2017-2018-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү
2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн жана 2017-2018-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү боюнча билдирүүнү угуп жанан талкуулап Байзак айылдык Кенеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байзак айыл аймагынын 2014-жылдагы жерпгиликтүү бюджетинин аткарылышынын киреше бөлүгү 13868,4 мин сом жана чыгаша бөлүгү 11753,3 мин сом өлчөмүндө 2119,4 мин сом профицит менен бекитилсин.
2. 2016-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 12647,0 мин сом (мунун ичинде 11490,3 мин сом жергиликтүү киреше, 1156.7 мин сом тендештирме грант) өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2017-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 13074,6 мин сом (жергиликтүү киреше 12404,9 мин сом, тендештирме грант 669,7 мин сом), ал эми 2018-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 13972,6 мин сом ( жергиликтүү киреше 13617,7 мин сом, тендештирме грант 354,9 мин сом) өлчөмүндө бекитилсин.
4. Кассалык айлануу 50,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин
5. Биринчи кезекте корголгон статьялар (эмгек акы, соц фондго чегерүүлөр, комуналдык чыгымдар, тамак-ашка төлөмдөр, ж.б.) каржылансын
6. Томтомдо көрсөтүлгөндөр боюнча түзүлгон сметага ылайык өз багыты менен чыгымдоо айыл өкмөтүнүн ФЭБине милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом айыл өкмөтүнүң аппаратынан каттоодон өткөрүлүп « jumgal.kg» сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомду аткаруу боюнча тийиштүү ченемдерди чыгаруу жана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сапаровго милдеттендирилсин
Байзак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Шурубеков |