Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айылдык кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 30-майы № 19
Байзак айыл аймагынын 2015-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн каражаттан Спорт комплексинин курулушуна бөлүнгөн 2294,0 миң сом акча каражатын кайра бөлүштүрүү жөнүндө
Байзак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2-март 2016 жылдагы №14 токтомундагы спорт комплекси үчүн бөлүнгөн 2294,0 миң сом акча каражаты кайрадан бөлүштүрүү боюнча Байзак айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал районунун Байзак айылдык Кеңешинин 2-март 2016-жылдагы №14 токтомунда белгиленген жайыт комитетине бөлүнгөн 684,0 миң сом акча каражаты жетишпегендигине байланыштуу кошумча катары 3111 статьядагы спорт комплекси үчүн бөлүнгөн акча каражатынан 3112 статьяга 90,0 миң сом которулсун
2. Жумгал райондук Байзак айылдык Кеңешинин 2-март 2016-жылдагы №14 токтомунда белгиленген спорт комплекси үчүн бөлүнгөн акча каражатынан Маданият үйүнүн жылуулук берүү системасын капиталдык оңдоого 2 204 000 сом бөлүнсүн.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп «jumgal.kg» сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жусуповго тапшырылсын.
Байзак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Шурубеков |