Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-августу № 6-21-1
Кошумча смета бекитүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысынын Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жетишпестиктерин камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500,0 миң сом акча каражатын чыгымдоо боюнча сунушун угуп жана талкуулап Жерге-Тал айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен бөлүнгөн 500,0миң сом акча каражаты айыл аймагындагы Боспиек айылында жаңы ачылып жаткан балдар бакчасына мебель алуу үчүн 31123210 статьясына (эмерек алуу)-300,0 миң сом,ал эми күндөлүк турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдарды жана төшөнчүлөр менен камсыздоо максатында 22221100 статьясына-200,0 миң сом акча каражаты каралсын.
2. Бул акча каражатын максаттуу пайдалануу менен Боспиек айылындагы жаңы ачылып жаткан балдар бакчасын эмеректер жана буюмдар менен өз убагында камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысы З.Көпөевага жана ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу У.Орозбек уулуна жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Сагынбаевге жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Н.Тургунбаевага милдеттендирилсин.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Муратбеков |