Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-августу № 6-21-2
Боспиек айылындагы мектепке чейинки билим берүү уюмуна ат коюу жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешине маркум Абдылдаев Рыскулбектин балдарынан келип түшкөн кайрылууну,Боспиек айылынын тургундарынын элдик чогулуштарынын токтомун карап жана талкуулап,жергиликтүү кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боспиек айылында ачылып жаткан мектепке чейинки билим берүү уюму Рыскулбек Абдылдаев атындагы «Назик» мектепке чейинки билим берүү уюму деп аталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын жергиликтүү кеңештин укук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Ботоевге милдеттендирилсин.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Муратбеков |