Редакцияот 30.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы

 

2015-жылдын 30-сентябры № 6-23-2

 Кошумча смета киргизүү жөнүндө

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрүн чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин республикалык бюджетинен жетишпестиктерди жабуу үчүн келген 800000-00 сом (сегиз жүз миң) сом акча каражатын чыгымдоо боюнча айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Жерге-Тал айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен бөлүнгөн 800000-00 сом, акча каражаты төмөндөгү жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү чечүү үчүн жумшалсын. 

2. Балдар бакчасына эмерек сатып алууга 31123210 статьясына 100000-00 сом, күндөлүк турмуш-тиричиликке керектелүүчү чарба товарларын алуу үчүн 22221100 статьясына 200000-00 сом, ар түрдүү чыгымдарга 22154900 статьясына 40000-00 сом, учурдагы ондоо 22211200 статьясына 70000-00 сом, жумшалсын.

3. Башкаруу аппараты Р-701 бөлүмүндө айылдарда жаңы конуштарды шагылдоого 22154900 статьясына 100000-00 сом, айыл өкмөтүнүн конторасына жылуулук системасын орнотуу үчүн 22211200 статьясына 250000-00 сом, ар түрдүү чыгымдар 22154900- статьясына 40000-00 сом каралсын.

4. Бул акча каражатын максаттуу пайдалануу айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (М. Сагынбаевге) жүктөлсүн.

 

Жерге-Тал айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Муратбеков