Редакцияот 15.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

 

2015-жылдын 15-октябры № 6-24-3

Өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен 122444-00 сомдук акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы З.Көпөеванын КР Өкмөтүнүн 21.04.2015-жылдагы №230-токтомуна ылайык КРнын Каржы Министрлигинин үлүштүк (дем берүүчү) гранттарынын эсебине даярдалган «Боспиек орто мектебинин жылытуу системасын жана библиотекасын ремонттоо» долбоорун колдоо максатында 7%тик өздүк салымды б.а. 122444-00 сомдук акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү сунушун угуп жана талкуулап,жергиликтүү кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. КР Өкмөтүнүн 24.04.2015-жылдагы №230-токтомуна ылайык КРнын Каржы Министрлигинин үлүштүк (дем берүүчү) гранттарынын эсебине даярдалган «Боспиек орто мектебинин жылытуу системасын жана библиотекасын ремонттоо»долбоорун колдоо максатында 7%тик өздүк салым б.а. 122444-00 сомдук акча каражаты 2016-жылда жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

2. Бөлүнүп берилген акча каражатын туура багыт менен максаттуу жумшоо жагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана экономика,социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Жерге-Тал айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Муратбеков