Редакцияот 25.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы

 

2015-жылдын 25-декабры № 6-27-2

 Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн

сметага өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү маанидеги иштерин чечүү үчүн айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап,айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин Р-709 (Билим берүү) бөлүмүндө 4-кварталында статья 2232 (электр энергиясы) статьясында жайгашкан бардыгы 20,5миң сом (жыйырма миң беш жүз) акча каражатын Р-701 (аппарат) 2215 (ар түрдүү  чыгым) статьясына которулуп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Сагынбаевге ,социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Тургунбаевага милдеттендирилсин.

 

Жерге-Тал айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Муратбеков