Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-февралы № 7/1
Орозбеков айылдык аймагынын социалдык-экономикалык
онүгүүсүнүн программаларын аткарууда айылдык
аймагынын уюштуруучулук иштери жөнүндө
.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Орозбеков айылдык аймагынын башчысы А.Жолдошовдун отчетун угуп,талкуулап Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айылдык аймагынын «2013-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жана СРС программасынын аткарылышы жөнүндөгү »айылдык аймагынын башчысынын А.Жолдошовдун аткарган иштери канааттандырарлык деп эсептелинсин(отчет тиркелет)
2. Айылдык аймагындагы 2013-жылы СРС программасына киргизилип,аткарылбай калган иш-чаралардын пункттары 2014-жылдын программасына киргизилсин.
3. 2014-жылга СРС программасынын иш-чараларынын толук аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык аймагына тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешттин бюджет,экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Орозбеков айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Эргешов |