Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-февралы № 7/1а
Орозбеков айылдык кенешинин иш кагаздарын кыргыз тилинде алып баруу жөнүндө
Орозбеков айылдык кеңешинин катчысы А.Нажиеванын Орозбеков айыл аймагында жашаган тургундардын 98% пайызы кыргыз улутунда болгондугуна байланыштуу кеңештин иш кагаздарын мамлекеттик тилинде алып баруу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп, Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Айылдык кеңештин катчысы А.Нажиевага кеңештин иш кагаздарын мамлекеттик тилде алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешттин административдик-укуктук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Орозбеков айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Эргешов |