Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-февралы № 7/2
Орозбеков айылдык кеңешинин 2013-жылдын бюджетинин
аткарылышы жана 2014-жылдын бюджетин бекитүү, 2015-2016-
жылдардын божомолдуу планын бекитүү жөнүндө
.
Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2013-жылгы бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А.Алиевдин отчетун угуп, Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолдуу көлөмүн «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга Республикалык бюджеттери жөнүндө №371 4-Y» мыйзамдардын негизинде түзүлүп, сунушталып жаткандыгы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Орозбеков айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2013-жылгы бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы өзгөртүүлөр менен 29401.9 мин сомго, чыгаша бөлугүнүн аткарылуусу 29552,1 мин сом өлчөмүндө жактырылсын.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2014-жылгы бюджетинин киреше бөлүгү 11804,4 мин сом, чыгашалары боюнча жетишпестигин эске алуу менен 11804,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2014-жылгы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
4. 2014-жылга Орозбеков айыл өкмөтүнун бюджетинен каржылануучу мекеме- ишканалардын жылдык бюджети № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2014-жылга Орозбеков айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылануучу чыгымдары, анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша, биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча (эмгек акы, соц фондко чегеүүлөр,) экинчи кезекте коммуналдык чыгымдарга жүргүзүүлөрү белгиленсин.
6. Айылдык өкмөттүн бюджеттик мекеме уюмдар тарабынан бюджеттик каражаттарды регионалдык казына бөлүмунө кириштелбей туруп, сарптоого тыюу салынсын.
7. Орозбеков айыл өкмөтүнун 2014-жылга каралган бюджети 2014-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
Орозбеков айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Эргешов |