Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-февралы № 7/4
Орозбеков айыл аймагындагы айыл чарбасына арналбаган жерлер үчүн жана таштандыларды чыгаруубоюнча салыктардын коэффицентин бекитүү жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А.Алиевдин отчетун угуп, Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарбасына арналбаган жерлер үчүн алынуучу салыктарга 1,2 коэффициент, таштандыларды чыгаруу салыгы айыл өкмөттүн ар бир кожолугу учун 50 (элуу) сом, ал эми айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан жеке менчик мекеме- ишканалардын жана соода түйүндөрүнүн ар бир кызматкерлери үчүн ай сайын 50 (элуу) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет,экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Орозбеков айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Эргешов |